Айтматовдун 90 жылдыгына арналган марафон ѳткѳрүлѳт

Айтматовдун 90 жылдыгына арналган марафон ѳткѳрүлѳт
7-Сен. 2018, Жума, 11:40

23-сентябрда борбор шаарыбызда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган Эл аралык жарым марафон өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын дене тарбия жана спорт башкармалыгы кабарлады.

“Марафондун максаты – Кыргыз Республикасынын борбору - Бишкек шаарын массалык спорттук иш-чараларды өткөрүүгө ылайыктуу, инфраструктурасы массалык спорттук мелдештерди өткөрүүчү заманбап шаар катары көрсөтүү, сергек жашоону жайылтуу, калкты спортко жана физикалык машыгууга тартуу жана үндөө, эл аралык спорттук мамилелерди өнүктүрүү, Кыргызстандын күчтүү марафончуларынын атын чыгаруу, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн спортчуларды жана туристтерди тартуу”, - деп айтылат маалыматта.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясы, Дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана «Эл аралык марафондун жетекчилиги» коомдук бирикмеси уюштурууда. Ага профессионалдык спортчулар жана башка өлкөлөрдөн чуркоонун сүйүүчүлөрү катышат.

Биринчи шаардык жарым марафон ар кайсы тилде сүйлөгөн, ар түрдүү маданиятты жактаган, бирок спортту бирдей сүйгөн элдерди чогултууга арналган. Он миңдеген чуркоочуларды чогулткан, дүйнөгө белгилүү Франкфурт, Токио, Нью-Йорк марафондоруна шыктандырылып, бүт дүйнөгө Бишкек – динамикалуу өнүгүп келе жаткан, сергек жашоого умтулган шаар катары көргөзүү.

Чуркоо дистанциялары: жарым марафон 21 км 97 м, 10000 м жана 3000 м.

Старт жана финиш аянты: Арча-Бешик жаны конушундагы «Газпром» спорт комплекси, Шербет кѳч. 46/1. Марафон саат 9:00дө башталат.

Толук маалымат: runthesilkroad.com сайтында.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР