Абылгазиев Япониянын депутаттары менен жолугушту

Абылгазиев Япониянын депутаттары менен жолугушту
7-Сен. 2018, Жума, 12:23

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Япониянын Өкүлдөр Палатасынын депутаттары, Кыргызстан менен Достук лигасынын лидери Ген Накатани жана аталган Достук лигасынын мүчөсү Асахико Михаро менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Япония Парламентинин депутаттары өкмөт башчыга күн мурун Бишкекте болуп өткөн кыргыз-япон парламент аралык форумунун жыйынтыктары тууралуу айтып беришти.

«Биз парламент аралык мамилелелерди, биринчи кезекте ишкер байланыштарды жакшыртуу үчүн инвестиция тартуу жаатындагы аракеттерди активдештирүүнү макулдаштык», - деди Ген Накатани.

Премьер-министр алар тараптан көрсөтүлүп жаткан көмөгүн жана колдоосун жогору бааларын белгиледи.

Өкмөт башчы ошондой эле Япониядагы адам курмандыктары менен коштолгон жер силкинүүгө байланыштуу көңүл айтты.

Жолугушууда Кыргызстан жана Япония аралык инфраструктураны жана туризмди өнүктүрүү, экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын өндүрүү, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жаатындагы кызматташтык маселеси талкууланды.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!