“Өспүрүм” аталышындагы рейд өткөрүлүүдө

“Өспүрүм” аталышындагы рейд өткөрүлүүдө
7-Сен. 2018, Жума, 13:19

Жалал-Абад шаарындагы өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулуктун санын азайтуу, балдар коопсуздугун камсыз кылуу багытында “Өспүрүм” аталышындагы үч күндүк профилактикалык рейд өткөрүлүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Анда айтылгандай, иш-чарада Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын тескөөчүлөрү мектептерде, атайын жана жогорку окуу жайларында окуган окуучу-студенттердин эсебинен шаарда өспүрүмдөрдүн саны көбөйүп жаткандыктан ар кандай терс жагдайлардын келип чыгышын алдын алуу үчүн тиешелүү чараларды көрүшүүдө.
Кыргыз Республикасынын “Балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу чаралар жөнүндөгү” атайын мыйзам кабыл алынган. Аны жетекчиликке алуу менен шаар аймагында жашы жете элек өспүрүмдөрдү түнкүсүн белгиленген убакыттан кийин чоң адамдардын коштоосу жок көчөгө чыгуусу көзөмөлдөнүүдө.Өткөрүлүп жаткан рейд 8-сентябрга чейин уланат.

Рейддин алгачкы күнүндө шаардын көчөлөрү, интернет-клуб, ар түрдүү көңүл ачуучу жайлар текшерүүгө алынып, инспекция кызматкерлери тарабынан беш өспүрүм кармалды. Аларга жана ата-энелерине эскертүү берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Эске сала кетсек, Жалал-Абад шаарында жалпы 37 миң 725 жашы жете элек өспүрүм бар. Ал эми шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясында жети кызматкер эмгектенет. Жаңы окуу жылынын башталышы менен өспүрүмдөрдүн коопсуздугун алдын алуу аракеттери күчөтүлгөн тартипте иш алып барылууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жалган кызматкери кармалды
Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жалган кызматкери кармалды
Европага визалар кымбаттады
Европага визалар кымбаттады
Жээнбеков:
Жээнбеков: "Ар бир район борборунда 3 км жолго асфальт төшөлөт"
Путиндин кабылан кармаганын жазгандар сыйлык алды
Путиндин кабылан кармаганын жазгандар сыйлык алды
Богокко таасир эткен тамак-аштар?
Богокко таасир эткен тамак-аштар?
Үйлөнгөндөн кийин эркектер эмнеге салмак кошот?
Үйлөнгөндөн кийин эркектер эмнеге салмак кошот?
Баңгизатты мыйзамсыз ташуу маселеси талкууланды
Баңгизатты мыйзамсыз ташуу маселеси талкууланды
Айзада Тыныбекова:
Айзада Тыныбекова: "Инстаграммдан көп акча табууга болот"
Сурабалдиева: Силер эмне уктап жатасыңар?
Сурабалдиева: Силер эмне уктап жатасыңар?
Кара-Сууда 2 жеңил унаа кагышып, 4 адам жаракат алды
Кара-Сууда 2 жеңил унаа кагышып, 4 адам жаракат алды
Муздуу сууда сүзгөндөр бактылуубу? (видео)
Муздуу сууда сүзгөндөр бактылуубу? (видео)
Жаңы конуштардын активисттери үчүн тренинг өткөрүлдү
Жаңы конуштардын активисттери үчүн тренинг өткөрүлдү
 Кыргызстандын жана Түркиянын ички иштер министрлери жолугушту
Кыргызстандын жана Түркиянын ички иштер министрлери жолугушту
Саламат Садыковадан жаңы ыр “Бул өмүр!” (видео)
Саламат Садыковадан жаңы ыр “Бул өмүр!” (видео)
​Нурмагомедов ММА мушкери Жорж Сен-Пьерди мелдешке чакырды
​Нурмагомедов ММА мушкери Жорж Сен-Пьерди мелдешке чакырды
Назира Айтбекова: Аял сүйбөгөн адамынан тукум улагысы келбейт
Назира Айтбекова: Аял сүйбөгөн адамынан тукум улагысы келбейт