Кыргызстан менен Кытайдын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Кытайдын кызматташтыгы талкууланды
7-Сен. 2018, Жума, 15:05

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-сентябрда Кытайдын Борбордук аскер кеңешинин төрагасынын орун басары Сюй Цилянды кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Президент Кытай Кыргызстан үчүн жакын дос, ишенимдүү өнөктөш жана жакшы кошуна экенин белгиледи. Дипломатиялык мамилелер орногондон бери достук мамилелердин өнүгүшүнө жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты жөнгө салууга багытталган көптөгөн эки тараптуу документтерге кол коюлган.

«Биз достук мамиледеги коңшубузга өлкөбүздүн өнүгүү жылдарында ар дайым колдоо көрсөтүп келгендигине ыраазычылык билдиребиз. Кытайга болгон акыркы сапарымда Стратегиялык өнөктөштүктүн ар тараптуу өнүгүүсү жөнүндөгү Биргелешкен декларацияга жана дагы эки тараптуу 10 документке кол коюлду. Биз Кытай менен кызматташууну мындан ары дагы өнүктүрүүгө даярбыз», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Жолугушууда региондо коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

«Бул багытта Кыргызстан Кытай, ЖККУ жана башка коопсуздук жаатындагы кызматташуу маселелери боюнча эл аралык уюмдар менен биргеликте коркунучтарга жана чакырыктарга туруштук берүүгө даяр», — деп белгиледи президент.

Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге салам жолдоп, аны 2019-жылы ШКУга мүчө-мамлекет башчыларынын Саммитинин алдында мамлекеттик визит менен чыдамсыздык менен күтүп жатканын белгиледи.

Кытай Борбордук аскер кеңешинин төрагасынын орун басары Сюй Цилян июнь айында Сооронбай Жээнбековдун КЭРге болгон мамлекеттик визитинин учурунда эки өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыкты тереңдетүү, аны жаңы деңгээлге көтөрүүгө багытталган келишимдерди ишке ашырууну өзүнүн визитинин максаты экенинин билдирди.

Сюй Цилян Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинь президент Сооронбай Жээнбековго ысык салам айттырганын белгиледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
 Болочок күйөөсүнүн акыркы каалоосун аткаруу үчүн кыз үлпөт көйнөгүн кийди
Болочок күйөөсүнүн акыркы каалоосун аткаруу үчүн кыз үлпөт көйнөгүн кийди
Ички иштер органдарынын  жетекчилери бирдиктүү жыйын өткөрүүдө (фото)
Ички иштер органдарынын жетекчилери бирдиктүү жыйын өткөрүүдө (фото)
Ички иштер министри Франциянын  элчиси Микаэль Ру  менен жолугушту
Ички иштер министри Франциянын элчиси Микаэль Ру менен жолугушту
Бир цифра менен 25 жыл лото ойноп 343 млн доллар утуп алды
Бир цифра менен 25 жыл лото ойноп 343 млн доллар утуп алды
17-ноябрь: Кыргызстандын аймактарында  күн ачык болот
17-ноябрь: Кыргызстандын аймактарында күн ачык болот
Бырыш кетирген сегиз түрдүү азык
Бырыш кетирген сегиз түрдүү азык
Чет өлкөлүк президенттер Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады
Чет өлкөлүк президенттер Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады
Бишкекте улгайган аялдар кар үтүктөп жатат (видео)
Бишкекте улгайган аялдар кар үтүктөп жатат (видео)
“Такебай” тасмасы бай менен кедейдин тагдыр сыноосун көрсөтөт
“Такебай” тасмасы бай менен кедейдин тагдыр сыноосун көрсөтөт
Жээнбеков менен Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү
Жээнбеков менен Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү
​«Манчестер Юнайтед» 3 млрд еврого сатылабы?
​«Манчестер Юнайтед» 3 млрд еврого сатылабы?
Башкы прокуратура  экс-судья Жаркеевага экинчи кылмыш ишин козгоду
Башкы прокуратура экс-судья Жаркеевага экинчи кылмыш ишин козгоду
Чет өлкөлүктөр Кыргызстандан чыккан кийимдерди кийишет
Чет өлкөлүктөр Кыргызстандан чыккан кийимдерди кийишет
Покемондор тууралуу фильм чыкты
Покемондор тууралуу фильм чыкты
​Орусия футбол боюнча курамасы 8 миллион доллар алды
​Орусия футбол боюнча курамасы 8 миллион доллар алды
“Porsche 911”дин официалдуу видеосу жарыяланды
“Porsche 911”дин официалдуу видеосу жарыяланды