Абактын аймагына баңгизат ыргыткан милиция кармалды

Абактын аймагына баңгизат ыргыткан милиция кармалды
7-Сен. 2018, Жума, 17:01

Аламүдүн районундагы Молдовановка айылындагы абактын аймагына баңгизат ыргытууга аракеттенген милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 16-декабрында белгисиз эки бала Молдовановка айылында жайгашкан 27 имараттын аймагына тыюу салынган затты ыргытууга аракет кылышкан.

Алардын бирөө кармалган, ал эми экинчиси окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

Жеринде көлөмү 189,67 грамм болгон баңгизаты табылган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон..

Иликтөөнүн журушүндө 2018-жылдын 10-августунда кылмышка шектүү болгондордун экинчиси кармалган. Ал 34 жаштагы Н.К.Ж., аттуу жаран кармалган. Ал кармалган учурда ИИБдердин биринин кызматкери экендиги маалым болгон.

Учурда иш соттун кароосуна жөнөтүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!