Маалымат кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушуу өттү

Маалымат кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушуу өттү
8-Сен. 2018, Ишемби, 11:15

Президенттин аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев кечээ, 7-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда КМШ өлкөлөрүнүн маалымат агентчиликтеринин жетекчилер Кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Жолугушууда Досалы Эсеналиев кеңештин кезектеги юбилейлик жыйыны үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын талаасында өткөнүн жана анда туризмди өнүктүрүү маселесинин талкууланышы кокусунан эмес экенин белгиледи.

«Биз КМШ Маалымат кеңешинин ишинде Шериктештик элдеринин маданий салттарын жана баалуулуктарын чагылдырууга улам барган сайын көбүрөөк басым жасалып жатканын жакшы баалайбыз. Ал эми кеңештин кезектеги бир жыйынында Кыргызстандагы үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруу маселеси атайын талкууланган», — деп белгиледи президенттин аппарат жетекчиси.

Кыргызстан КМШ Маалымат кеңешинин КМШ өлкөлөрүнүн маалымат чөйрөсүндө өз ара аракеттенишүүсүн жана кызматташуусун камсыз кылууга багытталган ишмердигин колдой турганы белгиленди. «Мамлекеттик маалымат агентчиликтеринин жетекчилеринин — КМШ Маалымат кеңешинин мүчөлөрүнүн башкы милдеттеринин бири — бул Шериктештикте жүрүп жаткан интеграциялык процесстер жөнүндө калкка маалымдоо», — деди Эсеналиев жана кеңеш мындан ары карай да биздин жалпы маалымат айдыңыбызды бекемдөө менен КМШдагы интеграциялык процесстердин маалыматтык бөлүгүн активдештирип жана кеңейте берсе деген каалоосун билдирди.

Эске салсак, КМШ Маалымат кеңеши 1995-жылы Шериктештикке кирген мамлекеттер башчыларынын чечими менен түзүлгөн жана Шериктештик өлкөлөрүнүн ортосундагы маалымат алмашууну кеңейтүү боюнча маанилүү милдетти аткарат. Кеңешке Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Молдованын, Тажикстандын жана Россиянын мамлекеттик маалымат агентчиликтери кирет. Анын кезектеги XXV жыйыны 2018-жылдын 6-сентябрында Чолпон-Ата шаарында өттү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!