​Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын логотиби өзгөрүүсүз калат

​Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын логотиби өзгөрүүсүз калат
8-Сен. 2018, Ишемби, 12:54

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кайсы жакта өтпөсүн логотиби өзгөрүүсүз калат. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда жыйынтыктоочу маалымат жыйынында Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында караганда, көчмөндөр оюнун логотибине Кыргызстан ээ болуп эсептелет жана ал патенттелген. Көчмөндөр оюндарын өткөрө турган бардык өлкөлөр бул логотипти колдонууга уруксат сурашы керек болот. Оюндар каякта өтпөсүн, логотиби өзгөрүүсүз калат. Бирок, сырткы бөлүгүн өзгөрткөнгө болот. Ал эми логотип өзү ДКОнун символу бойдон калат.

"Бул логотип Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу бойдон калат", - деди Жаманкулов.

Айта кетсек, Көчмөндөр оюндарынын логотибинин автору - Майрамкул Асаналиев аттуу сүрөтчү.

Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунун жабылыш аземи бүгүн, 8-сентябрда саат 20:00дө Чолпон-Атадагы ат майданда өтөт. Жабылыш аземине алыскы жана жакынкы чет мамлекеттен ырчылар келет. Айта кетсек, Көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземине Германиянын Чыңгыз хан тобу, франциялык ырчы Мурад Бурауи, Эквадордон Лео Рохас, россиялык "Корни" тобу, Румыниядан "Аксент" тобу, өзбекстандык ырчы Озода Нурзаидова, Казакстандан Жанар Дугалова жана Кыргызстандан Гүлнур Сатылганова, Мирбек Атабеков жана башка кыргыз ырчылары катышат.

2-сентябрда башталган бул оюнга 70 мамлекеттен үч миңге жакын спортчу келип, спорттун 37 түрү боюнча күч сынашты.

Ушуну менен Кыргызстан бул оюнду өлкөдө үчүнчү ирет өткөрдү. Эми IV Дүйнөлүк көмөндөр оюндары 2020-жылы Түркияда болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
 Кадамжайда жайгашкан “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды
Кадамжайда жайгашкан “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды
Учак убактысынан 48 мүнөт мурда конду
Учак убактысынан 48 мүнөт мурда конду
«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында айыппулдар кантип бөлүнөт?
«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында айыппулдар кантип бөлүнөт?
Футболчу кайрадан кокаин менен кармалды
Футболчу кайрадан кокаин менен кармалды
​21-февраль: доллардын наркы төмөндөдү
​21-февраль: доллардын наркы төмөндөдү
“Тил – улут сыймыгы” аттуу көргөзмө өткөрүлөт
“Тил – улут сыймыгы” аттуу көргөзмө өткөрүлөт
17 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдөн секирди (видео)
17 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдөн секирди (видео)
Кувейтте кыргыз маданиятына арналган концерт өтөт
Кувейтте кыргыз маданиятына арналган концерт өтөт
Жанар Акаев менен Садык Шер–Нияз айтыша кетти (видео)
Жанар Акаев менен Садык Шер–Нияз айтыша кетти (видео)
Элдик курултайларды ишке ашыруу максатында жумушчу топ түзүлдү
Элдик курултайларды ишке ашыруу максатында жумушчу топ түзүлдү
Путинден АКШга эскертүү: Башка жерлерди бутага алабыз
Путинден АКШга эскертүү: Башка жерлерди бутага алабыз
АКШ космостон коргонот
АКШ космостон коргонот
Министр Жунушалиев Стамбул шаарында өтүп жаткан конференцияга катышууда
Министр Жунушалиев Стамбул шаарында өтүп жаткан конференцияга катышууда
​21-февраль: тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн
​21-февраль: тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн
Жээнбеков:
Жээнбеков: "Республикалык көчмөндөр оюндары жыл сайын өткөрүлөт"
Айжамал Кабылова кимге нааразы болду?
Айжамал Кабылова кимге нааразы болду?