Кыргызстан Түркияга оюндарды кандай өткөрүп берет?

Кыргызстан Түркияга оюндарды кандай өткөрүп берет?
8-Сен. 2018, Ишемби, 15:19

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземинде Түркияга оюндардын тотеми катары көөкөрдөгү мөңгү суусун берет. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, оюндарды өткөрүп берүү аземи өзүнө өзгөчө жөрөлгөнү камтыйт .Түркияга ДКОнун тотеми катары көөкөрдөгү мөңгү суусу жана улуу жеңүүчүлөрдүн китеби тапшырылат. Алгач көөкөрдү мөңгү суусу менен толтуруп, аны этно-эскорттун коштоосунда ат майданынын борбордук аянтына жеткиришет. Ал жерде мөңгү суусу куюлган көөкөр жакшы каалоо-тилектер менен өткөрүлүп берилет. Суу жашоонун символу болуп эсептелет. Бул жөрөлгө олимпиадалык оттун альтернативасы болуп эсептелет.

Айта кетсек, III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунун жабылыш аземи бүгүн, 8-сентябрда саат 20:00дө Чолпон-Атадагы ат майданда өтөт. Жабылыш аземине алыскы жана жакынкы чет мамлекеттен ырчылар келет. Айта кетсек, Көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземине Германиянын Чыңгыз хан тобу, франциялык ырчы Мурад Бурауи, Эквадордон Лео Рохас, россиялык "Корни" тобу, Румыниядан "Аксент" тобу, өзбекстандык ырчы Озода Нурзаидова, Казакстандан Жанар Дугалова жана Кыргызстандан Гүлнур Сатылганова, Мирбек Атабеков жана башка кыргыз ырчылары катышат.

2-сентябрда башталган бул оюнга 70 мамлекеттен үч миңге жакын спортчу келип, спорттун 37 түрү боюнча күч сынашты.

Ушуну менен Кыргызстан бул оюнду өлкөдө үчүнчү ирет өткөрдү. Эми IV Дүйнөлүк көмөндөр оюндары 2020-жылы Түркияда болот.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!