Премьер-министр жол кырсыгынан каза болду

Премьер-министр жол кырсыгынан каза болду
10-Сен. 2018, Дүйшөмбү, 09:29

Абхазиянын премьер-министри Геннадий Гагулия жол кырсыгынан улам, ооруканада каза болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Окуя 8-сентябрдан 9-сентябрга караган түнү болгон. Сириядан учуп келип Сочи аэропортунан Абхазияга бараткан өкмөттүк кортеж каршылаш келаткан машина менен сүзүшкөн.

Маалыматта "Өкмөт башчы бара жаткан унаа ВАЗ үлгүсүндөгү авто менен сүзүшүптүр. Бардыгы үч киши жабыркап, оорукага жеткирилген. Алардын ичинен Геннадий Гагулия көз жумду", - деп жазылат.

Гагулия өкмөттү 2018-жылдын апрель айынан бери жетектеп келаткан.

Абхазияда 12-сентябрды "аза күтүү" күнү деп жарыялашты.

Айта кетсек, Геннадий Гагулия жакында күндөрү Сирияга расмий сапары менен барып келген. Мындан улам, өлкөнүн президентинин маалымат кызматынан премьер-министрдин өлүмүн атайын кол салуу же террор эместигин айтып, "жөн гана кырсык" деп баа беришти.

Эскерте кетсек, Гагулия өкмөттү 2018-жылдын апрель айынан бери жетектеп келген. Бирок ал буга чейин 1995-1997 жана 2002-2003-жылдар аралыгында премьер-министр болгон.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Хабиб – Конор мелдешинин калысы канча алат?
Хабиб – Конор мелдешинин калысы канча алат?
Эксперттер эң мыкты үй-бүлөлүк унаалардын тизмегин түзүштү
Эксперттер эң мыкты үй-бүлөлүк унаалардын тизмегин түзүштү
Бактыбаев:
Бактыбаев:"Биздин өлкөдө адамды адам сатууга тыюу салынган"
Бишкекке жаңы 52 троллейбус алынып келинди (видео)
Бишкекке жаңы 52 троллейбус алынып келинди (видео)
Көз жумган кызга iPhone түрүндө эстелик коюлду
Көз жумган кызга iPhone түрүндө эстелик коюлду
Футболчулар калысты сабашты (видео)
Футболчулар калысты сабашты (видео)
27-сентябрь:Тоолуу аймактарда жаан жаашы мүмкүн
27-сентябрь:Тоолуу аймактарда жаан жаашы мүмкүн
“Игра престолов” тартылган жерлер туристтик аймакка айланат
“Игра престолов” тартылган жерлер туристтик аймакка айланат
Ырчы Каныкей кыздуу болду (фото)
Ырчы Каныкей кыздуу болду (фото)
Ибраимов ​“Кыргызстан улуу акындардын жана жазуучулардын мекени”
Ибраимов ​“Кыргызстан улуу акындардын жана жазуучулардын мекени”
Жогорку Кеңеште өлкөнүн акыйкатчысын шайлоо жараяны жүрүүдө
Жогорку Кеңеште өлкөнүн акыйкатчысын шайлоо жараяны жүрүүдө
Хизб-ут-Тахрир уюмунун мүчөсүнө кылмыш иши козголду
Хизб-ут-Тахрир уюмунун мүчөсүнө кылмыш иши козголду
ЕАЭБ талаптарына туура келбеген күйүүчү май КРга киргизилбейт
ЕАЭБ талаптарына туура келбеген күйүүчү май КРга киргизилбейт
Чолпон Талипбекова пластикалык операция жасаттыбы?
Чолпон Талипбекова пластикалык операция жасаттыбы?
18 млн сомго жакын бюджеттик каражатты ыйгарып алгандар аныкталды
18 млн сомго жакын бюджеттик каражатты ыйгарып алгандар аныкталды
Трамп БУУда эмнелерди айтты?
Трамп БУУда эмнелерди айтты?