Абылгазиев ДКОну расмий жабык деп жарыялады

Абылгазиев ДКОну расмий жабык деп жарыялады
10-Сен. 2018, Дүйшөмбү, 10:42

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 8-сентябрда үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын расмий түрдө жабык деп жарыялады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Өкмөт башчы Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо орун алган III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземине катышып, сөз сүйлөдү.

"Бүгүн Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары аяктап, Сиздер менен коштошуп жатканыбызга бир аз ичибиз ачышып турат.


Ошол эле мезгилде Үчүнчү Көчмөндөр оюндары өзүнүн мааниси жана масштабдуулугу жагынан тарыхка калгандыгына, меймандос кыргыз эли Жер шарынын бардык булуң-бурчтарынан ишенимдүү жана чыныгы досторду тапкандыгына чын дилибиз менен кубанычтабыз.

Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары бүт дүйнө жүзүндө болуп жаткан карама-каршылыктарга карабастан, Жер планетасынын элдерин биримдикке жана жаратмандыкка чакырды.

Дал мына ушундай иш-чараларда элдердин улутуна, динине, социалдык тегине карабастан, гуманизм, эркиндик жана руханий өнүгүү сыяктуу жалпы адамзаттык баалуулуктарга болгон умтулуусу жана мүдөөсү ачык көрүнөрүн оюндардын катышуучулары жана коноктору чын дили менен белгилеп кетишти.

Маданият, көркөм өнөр жана спорт – бул саясаттан тышкары өз жолунда элдердин ортосундагы тынчтыктын жана тилектештиктин кубаттуу инструменти.

Жылдан жылга Көчмөндөр оюндары кулачын кенен жайып, өтө популярдуу болуп баратат: 2014-жылы бул оюндарга 7 өлкө гана катышса, быйыл бардык континенттерден 74 өлкө катышып, 10 эсеге өстү. Улуттук спорттун түрү 37ге жетти.

Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары 3 миңге жакын спортчулардын жана катышуучулардын башын бириктирди.

Демек, дүйнө элдери өзүнүн нукура салтын жана улуттук оюндарын таза сактап, бүт дүйнөгө мурунку калыбында тааныткысы келет.

Көчмөндөр оюндарынын эң чоң баалуулугу жана маңызы мына ушунда турат.

Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлгөн бул уникалдуу долбоор дүйнө элдеринин өткөн ата-бабаларына көрсөткөн бийик урмат-сыйы экендигин баса белгилеп кетем.

Казакстан, Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Татарстан Президенттери жана Венгриянын Премьер-министринин Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышканы бул оюндардын мартабасын жогорулатты.

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Кыргызстанда өтүп жаткан Көчмөндөр оюндарын 778 ата мекендик, 58 чет өлкөдөн 550дөн ашык массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чагылдырып турушту.

Булардын арасынан БиБиСи радиосун, Нью-Йорк таймс агенттигин, СиСиТВ кытай телеканалын, Абу-Даби медиасын, Ал-Жазира прессин, ТАСС, Интерфакс, Анадолу кабар агенттиктерин, Бүткүл россиялык мамлекеттик телерадио компаниясын, “Мир”, “Хабар” каналдарын, Дүйнөлүк улуттук географиялык коомун, Канада, Нидерландия массалык-маалымат каражаттарын атоого болот.

Оюндар дүйнөнүн 60 өлкөсүндө, анын ичинде КМШ өлкөлөрүндө, Балтикада, Грузияда, Францияда, Германияда жана Японияда кеңири жана түз берилип жатты.

Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында улуттук оюндардын мелдештери менен катар этнографиялык маданий иш-чаралар да жогорку деңгээлде өткөндүгүн баса белгилеп кетким келет.

Кырчын жайлоосундагы “Көчмөндөрдүн алтын доору” аталышындагы этно шаарча 150 миңден ашык конокторду өзүнүн кучагына батырды.

13 ордо болуп каз-катар тигилген боз үйлөрүбүз майрамды шаңга бөлөдү. Ордолордо коюлган элдик буюмдар, айрыкча алардын абдан көөнөлүгү, азыр да аларды колдонуп, иш жасалып жаткандыгы конокторду да, бизди да таң калтырды.

Кыргыздар дүйнөгө байыркылыкты сактаган эл катары таанылды.

Ошондой эле Ноомад амфитеатрында өткөн “Көчмөндөр ааламы” эл аралык этнофестивалында бүт континенттерде жашаган ар бир элдин маданияты – өзгөчө уникалдуу жана улуу экендиги даңазаланды.

Байыртан кыргыз эли сөз багып, сөз кадырлап, сөз менен эл достугун чыңдап келген. Муну акындардын айтышы дагы бир жолу тастыктады.


Урматтуу мекендештер!

Жалпы элдин Сиздердин колдооңуздар менен кыргыздар дүйнөгө өз тарыхын жана маданиятын абдан жогору сыйлаган эл катары таанылдык.

Айрыкча баарыбызды жарандарыбыздын меймандостугу жана патриоттуулугу суктандырды. Элдин пейилине рахмат!

Биздин элибиз бүгүн мындан дагы ири масштабдуу иш-чараларды өткөрө ала тургандыгын дүйнөгө далилдеди.

Жогорудагылар менен катар Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында бардык иш-чараларды өткөрүүгө катышкандарга, айрыкча ак элечек энелерге, ак сакалын жайкалткан аталарга, намыс үчүн тикесинен тик туруп жогорку уюшкандыкта өткөрүп жаткан уюштуруучулардын баарына, ошондой эле патриот демөөрчүлөргө жана ыктыярчыларга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Урматтуу достор!

Кереметтүү кыргыз жергесине келип, Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына катышып бергениңиздер үчүн баарыңыздарга терең ыраазычылыгымды билдирем.

Алган байгеңиздер өзүңүздөргө кут болсун.

Кереметтүү жерибизде тынчтык жана бакубатчылык, кең пейил элибизде биримдик болсун.

Көчмөндөрдүн рух биримдиги, күч биримдиги түбөлүккө сакталсын.

Урматтуу катышуучулар жана коноктор!

Ушуну менен Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары жабык деп жарыяланат!",-деп белгиледи өкмөт башчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!