Мэрия Фучик паркындагы жер тилкелерди кайтарып алды (фото)

Мэрия Фучик паркындагы жер тилкелерди  кайтарып алды (фото)
10-Сен. 2018, Дүйшөмбү, 11:09

2018-жылдын 3-июлундагы Ленин райондук сотунун №ГД – 620\18Б1 чечими менен Трудовая 4А дарегиндеги курулушу аяктай элек турак-жай эмес имарат жана Фучик паркындагы 1,33 га жер тилкесин сатуу-сатып алуу келишими жараксыз деп табылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Анда айтылгандай, келишим 1999-жылдын 9-июнунда №3273 реестринде катталган жана Фрунзе атындагы айыл чарба машине куруу заводунун Ликвидатору М. И Парышкур менен С. Эргешованын ортосунда түзүлгөн. Көрсөтүлгөн жер тилкеси парк аймагынын курамына кирет жана 2002-жылдын 20-августундагы “Кыргыз Республикасындагы тарыхый-маданий мурастар обңектилерин эсепке алуу, кайтаруу, калыбына келтирүү жана пайдалануу боюнча жобону бекитүү жөнүндө” КР Өкмөтүнүн №568 токтому менен бекитилген республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин мамлекеттик тизмесине архитектуралык эстелик катары №100 катар номери менен киргизилген.

1998-жылдын 13-июнундагы Өкмөттүн токтомуна ылайык, тарыхый-маданий мурастардын объектилерин менчиктештирүүгө тыюу салынган.

Мындан сырткары, КР мыйзамынын «Тарыхый маданий мурастарды пайдалануу жана коргоо боюнча» беренесине ылайык – Кыргыз Республикасында тарыхтын жана маданияттын эстеликтери милдеттүү коргоого жана сакталууга алынат жана аларды пайдаланууда өзгөчө укуктук режимге ээ. Жер тилкесинин жеке колго өтүп кеткен убактысынан бери ал жер түрдүү калдыктардын стихиялык таштандысына айланып, территория таптакыр каралбай калган. Ленин райондук администрациясы территорияны санитардык тазалоого киришти, мындан ары ал жер жайлуу болуп жана жашылдандырылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
ИИМ: митингге катышкан 21 жаран милицияга жеткирилди
ИИМ: митингге катышкан 21 жаран милицияга жеткирилди
Brexit боюнча 5 суроо: Эми эмне болот?
Brexit боюнча 5 суроо: Эми эмне болот?
Момбеков: Эл буларга түкүрүп жатса, булар бизге түкүрүп салды (видео)
Момбеков: Эл буларга түкүрүп жатса, булар бизге түкүрүп салды (видео)
Разаков: “Жаӊы 5 кодекс жана 2 мыйзам ишке киргизилди
Разаков: “Жаӊы 5 кодекс жана 2 мыйзам ишке киргизилди"
Учкуч учакка терезеси аркылуу кирүүгө аракеттенди (видео)
Учкуч учакка терезеси аркылуу кирүүгө аракеттенди (видео)
 Кан басымыңыз көтөрүлсө
Кан басымыңыз көтөрүлсө
​Инстаграмдагы эң атактуу мушкер ким: Хабиб же Конорбу?
​Инстаграмдагы эң атактуу мушкер ким: Хабиб же Конорбу?
“Коопсуз шаар” боюнча орнотулган камералардын баасы 30 миң долларбы? (видео)
“Коопсуз шаар” боюнча орнотулган камералардын баасы 30 миң долларбы? (видео)
Ырчы Райхан Абдувалиевадан жыгач ваза
Ырчы Райхан Абдувалиевадан жыгач ваза
Коопсуз шаар: Жол эрежесин бузгандарга протоколдор жеткириле баштайт
Коопсуз шаар: Жол эрежесин бузгандарга протоколдор жеткириле баштайт
Депутат:
Депутат:"Калктан электрдин акысын мыйзамсыз алуу жосуну уланууда"
Кытайдын жаңы технологиядагы куралы көпбү?
Кытайдын жаңы технологиядагы куралы көпбү?
Эркектер менен аялдардын психологиясы
Эркектер менен аялдардын психологиясы
МАККББ кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
МАККББ кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
Шайназаров:
Шайназаров:"Айдарбеков туристке айланып калды, барбаган өлкөсү калган жок"
Роботторду ишке алган мейманкана жарым кызматкерин жумуштан кетирди
Роботторду ишке алган мейманкана жарым кызматкерин жумуштан кетирди