Москвадагы кырсыктан жабыркагандардын ысымы белгилүү болду

Москвадагы кырсыктан жабыркагандардын ысымы белгилүү болду
10-Сен. 2018, Дүйшөмбү, 12:20

Москва шаарындагы Марьино районундагы кырсыктан 1 адам каза болуп, 10 адам ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган райондогу Новочеркасск бульварында орун алган кырсыктын кесептинен улам жалпы 10 адам жабыркаган. Алардын ичинен бешөөсүнүн абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүндө жаткырылган. Ал эми дагыбешөөсүнүн абалы орто. Дагы бир жеңил жаракат алган жаран медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө чыгарылган.

“Бул кырсыкка шектүү катары 1997-жылы туулган Б.С. аттуу Россиянын жараны кармалган. Анын ата-энеси дагы орус жараны экени маалым болду”,- деп айтылат маалыматта.

Аталган факт боюнча элчиликтин басма сөз кызматы окуя болгон жерде жана ооруканада элчиликтин, миграциянын жана КРнын Ички иштер министрилигинин өкүлчүлүктөрү иш алып барышууда.

Марьино районунда жабыркагандардын ысымдары белгилүү болду:

Абдурасулов С.А. – 21 жашта, Юдин ооруканасы;

Мерген Р.У. – 22 жашта, Юдин ооруканасы;

Женшибекова К. Ы. – 17 жашта, Бапдар хирургиясы жана травматология илимий-изилдөө институту;

Зулпиев Р. – 24 жашта, 13-оорукана;

Абдикарим У. – 20 жашта, 13-оорукана;

Арстанова Н. – 30 жашта, 15-оорукана.

Андан тышкары дагы эки белгисиз адамды Ф.И. Иноземцев атындагы шаардык клиникалык ооруканага жаткырышкан. Андан башка экөөнү Пригоровкага жөнөтүшкөн.

Айта кетсек, 9-сентябрь күнү эртең мененки саат 6:00 чамасында Новочеркасск бульварында “Volkswagen Polo” үлгүсүндөгү автоунаа Новочеркасск бульварында жөө жүргүнчүлөрдүн тобун сүзгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!