Жергиликтүү соттордун судьялары дайындалды

Жергиликтүү соттордун судьялары дайындалды
10-Сен. 2018, Дүйшөмбү, 13:42

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаардык сотуна, Чүй облустук сотуна, Чүй облусунун Кемин, Сокулук райондук сотторуна жана Токмок шаардык сотуна судьяларды дайындоо тууралуу жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда президенттик аппараттан билдиришти.

Маалыматка караганда, сотунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин сунуштарын карап чыгып жана Конституциянын 64-беренесинин З-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана «Судьялардын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин З-бөлүгүнө ылайык биринчи жарлык менен биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө 6 судья жергиликтүү соттордун судьялары болуп дайындалды.

Экинчи жарлык менен судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн:

— Бишкек шаардык сотуна — Дамир Молоев;

— Чүй облустук сотуна — Дамира Балкыбекова, Эрмек Нурманбетов;

— Кемин райондук сотуна — Култаева Нурила Дукенбаевна;

— Сокулук райондук сотуна– Жолдошбек Кумашев;

— Токмок шаардык сотуна — Элмира Карабекова жиберилишти.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!