Кырсыкка кабылган туристке жардам көрсөтүлдү

Кырсыкка кабылган туристке жардам көрсөтүлдү
10-Сен. 2018, Дүйшөмбү, 14:56

Бутун сындырып алган франциялык туристке жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Такталган маалыматтар боюнча, 7-сентябрь күнү Ак-Суу районунун Алтын-Арашан капчыгайындагы Ала-Көл көлүнө жакын жерде 1989-жылы туулган А. Е. аттуу франциялык турист кулап бутун сындырып алган. Жабыркаган туристти алып келүү үчүн 8-сентябрь күнү саат 06:00дө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Каракол шаарынын аскерлештирилген куткаруучу тобу тартылып, туристти алып түшкөндөн кийин тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген. Учурда анын абалы канааттандырарлык.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!