Кыргызстан демократия куруу жолунда кыйла өнүктү

Кыргызстан демократия куруу жолунда кыйла өнүктү
11-Сен. 2018, Шейшемби, 10:12

Кыргызстан демократия куруу жолунда кыйла өнүктү. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда президенттик аппараттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ 10-сентябрда Варшава шаарында ЕККУнун адамдык ченемдер боюнча кеңешмесинде Кыргызстан делегациясынын жетекчиси, Президенттин аппаратынын бөлүм башчысы Мира Карыбаева: «Кыргызстан демократия куруу жолунда кыйла алдыга өнүктү»,-деп билдирди.

Мира Карыбаева учурда Кыргызстанда парламенттик демократияны өнүктүрүү процесси жүрүп, улуттук мыйзамдар өркүндөтүлүп, эл аралык укук ченемдерине шайкеш келтирилип, сот жана укук коргоо системасынын реформасы ишке ашырылып жаткандыгын белгиледи.

Ошону менен бирге Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерин ырааттуу аткарып, ЕККУнун адам укуктарын коргоону жакшыртууга багытталган демилгелерин мындан ары дагы колдоорун баса белгиледи.

Кыргызстандын расмий делегациясы 10-сентябрдан 21-сентябрга чейин Польшанын Варшава шаарында өтүп жаткан ЕККУнун адамдык ченемдер боюнча кеңешмесине катышып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!