Ишкерлерди тейлөө борборлору түзүлөт

Ишкерлерди тейлөө борборлору түзүлөт
11-Сен. 2018, Шейшемби, 10:56

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ, 10-сентябрда өлкөнүн бардык аймактарында өкмөттүн программасын ишке ашыруунун алкагында Ишкерлерди тейлөө борборлорун түзүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө өкмөт башчыга ишкерлерди колдоо жана бул максаттарда таасирдүү механизмдерди иштеп чыгуу боюнча бирдиктүү аянтчаны түзүү багытында жасалып жаткан иштер тууралуу маалымдалды.

Берилген маалыматка ылайык, ишкерлерди тейлөө борборлорунда эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен “бирдиктүү терезе” принциби боюнча өз ара байланышкан кызматтардын топтому көрсөтүлөт, анын ичинде маалымдоо жана кеңеш берүү, мамлекеттик кызматтар, экспортту илгерлетүүгө аракеттешүү бар.

Борборлор бизнес жана мамлекеттик органдардын ортосундагы байланыштарды четтетүүнү, ишкерлердин ишмердигин мамлекеттик жөнгө салуунун ачык тутумун түзүүнү, ишкерлердин бардык мамлекеттик кызматтарды алуусун жөнөкөйлөтүүнү шарттайт.

Абылгазиев аймактарда Ишкерлерди тейлөө борборлорун түзүү боюнча иштерди активдештирүүнү жана долбоорду ишке киргизүү жана андан аркы сапаттуу жүзөгө ашыруу үчүн бардык механизмдерди иштеп чыгууну тапшырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!