Белгилүү комузчу Руслан Жумабаев каза болду

Белгилүү комузчу Руслан Жумабаев каза болду
11-Сен. 2018, Шейшемби, 11:27

Белгилүү комузчу Руслан Жумабаев каза болду. Анын кесиптештеринин маалыматына караганда, ал кечээ, 10-сентябрда Бишкек шаарындагы ооруканада көз жумган.

Алардын айтымында, 45 жаштагы Жумабаев бөйрөгү ооруп, оорукананын жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жаткан.

Айта кетсек, Руслан Жумабаев Кыргыз улуттук консерваториясында, Бишкек мэриясынын алдындагы оркестрда жана «Ордо сахна» тобунда иштеген.
Бир катар сынактардын конкурс-фестивалдардын лауреаты, өзү да шакирт даярдоого жетишкен.

Эскерте кетсек, 2016-жылы өткөн Көчмөндөр оюндарында 1000 комузчунун коштоосунда Атай Огонбаевдин “Маш ботой” күүсүн черткен.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!