Президент Сооронбай Жээнбеков «Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда президенттик аппараттан кабарлашты.
Жарлыктын негизинде Ички аскерлер Улуттук гвардиясынын курамынан чыгарылат.
Жарлыктын негизги максаты — кабыл алуу коомдук тартипти, инсандын жана коомдун коопсуздугун камсыз кылуунун мамлекеттик системасын жогорулатуу.
2014-жылы аскердик реформалоонун алкагында Ички аскерлер Куралдуу Күчтөрдүн системасына кирген Улуттук гвардиясынын курамына киргизилген.
Бул жарлыктын аткарылышын контролдоо Коопсуздук кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.