Финпол: кызматкерлер сый акыга 1 миң 400 доллар алышкан

Финпол: кызматкерлер сый акыга 1 миң 400  доллар алышкан
11-Сен. 2018, Шейшемби, 11:46

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) кызматкерлери Жаңы-Пахта айыл аймагынын жооптуу адамдарынын кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныкташканын “Zaman Kyrgyzstan” маалымат агенттигине кабарлады.

Анда айтылгандай, ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзгөндө Жаңы-Пахта айыл аймагынын кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, белгиленген сый акыга (орточо эсеп менен 1 миң 400 АКШ доллары) Жер комиссиясынын протоколунун негизинде жеке турак жай куруу үчүн Жаңы-Пахта айылында жайгашкан жер участокторун бир нече жолу беришкендиги аныкталган. Жогоруда аталган Жер участокторун берүү жөнүндө чечим айыл өкмөтүнүн жооптуу адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен бекитилген Жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү тартиби жөнүндө Жобонун 16-пунктунун талаптарын бузуп чыгарылып, жерлер кезексиз берилген.

Муну менен бирге Сокулук районунун Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын пландык-картографиялык материалдарына ылайык берилген участоктор айыл чарба багытындагы жерлер категориясына кирип, жайыт катары пайдаланышы керек болчу жана жеке менчикке берилбеши керек. Бул факт боюнча Сокулук районунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 304 (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 305-2 (Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузуу), 350 (документтерди жасоо) жана 313-1-беренелеринде (пара алуу) каралган кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Ырчы Райхан Абдувалиевадан жыгач ваза
Ырчы Райхан Абдувалиевадан жыгач ваза
Коопсуз шаар: Жол эрежесин бузгандарга протоколдор жеткириле баштайт
Коопсуз шаар: Жол эрежесин бузгандарга протоколдор жеткириле баштайт
Депутат:
Депутат:"Калктан электрдин акысын мыйзамсыз алуу жосуну уланууда"
Кытайдын жаңы технологиядагы куралы көпбү?
Кытайдын жаңы технологиядагы куралы көпбү?
Эркектер менен аялдардын психологиясы
Эркектер менен аялдардын психологиясы
МАККББ кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
МАККББ кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
Шайназаров:
Шайназаров:"Айдарбеков туристке айланып калды, барбаган өлкөсү калган жок"
Роботторду ишке алган мейманкана жарым кызматкерин жумуштан кетирди
Роботторду ишке алган мейманкана жарым кызматкерин жумуштан кетирди
Дубайда күйөрман болуп ырчы Мирбек Атабеков да барды
Дубайда күйөрман болуп ырчы Мирбек Атабеков да барды
Келдибаев: «Өкмөт ипотеканын үстөк пайызын 4 пайызга төмөндөтүшү зарыл»
Келдибаев: «Өкмөт ипотеканын үстөк пайызын 4 пайызга төмөндөтүшү зарыл»
Жаш көрсөткөн кышкы сырткы кийимдер
Жаш көрсөткөн кышкы сырткы кийимдер
Президент:
Президент:"Адамдын кадыр-баркы – таза эмгек менен гана бааланышы зарыл"
“Жиндиканалык качкындар”  тасмасынын бет ачаары болду
“Жиндиканалык качкындар” тасмасынын бет ачаары болду
​Мэйвезер “Ювентусту” Суперкубогу менен куттуктады
​Мэйвезер “Ювентусту” Суперкубогу менен куттуктады
Вице-спикер дресс-код тууралуу үн катты (видео)
Вице-спикер дресс-код тууралуу үн катты (видео)
Виктория Бекхам өз канынан косметика чыгарды
Виктория Бекхам өз канынан косметика чыгарды