Өкмөт 653 айылды таза суу менен камсыздайт

Өкмөт 653 айылды таза суу менен камсыздайт
11-Сен. 2018, Шейшемби, 13:07

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы менен биргеликте калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо долбоорлорун ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Вице-премьер-министр белгилегендей, өкмөт жакынкы 5 жылда 653 айылдын, 22 шаардын жана 26 райондун борборлорун ичүүчү суу жана саркынды суу тармактарын куруу жана оңдоп-түзөөдөн өткөрүү милдеттери турат.

«Учурда өлкө калкы ичүүчү таза суу менен толук камсыздалган эмес. Мындай жагдай жугуштуу оорулардын өсүү тобокелдигине алып келет, айрыкча айыл жергесинде жашаган жарандар үчүн. Ошондуктан жакынкы жылдары биз калкты ичүүчү таза суу менен толук камсыздоо милдетин чечүүгө тийишпиз», – деп белгиледи ал.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнү Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы Кыргызстандын 16 шаарында жалпы суммасы 11 млрд 384 миң сомду (142,3 млн евро) түзгөн долбоорлор ишке ашырылууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!