Жээнбеков Көчмөндөр оюндары үчүн элге ыраазычылык айтты

Жээнбеков Көчмөндөр оюндары үчүн элге ыраазычылык айтты
11-Сен. 2018, Шейшемби, 15:17

Президент Сооронбай Жээнбеков III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аяктагандыгына байланыштуу кыргызстандыктарга, чыгармачыл жамааттарга, өнөрпөздорго, жеке салымын кошкон демөөрчүлөргө, ыктыярчыларга жана коомдук тартипти камсыз кылгандарга терең ыраазычылык айтып, билдирүү жолдоду. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда президенттик аппараттан кабарлашты.

Ал кайрылуусунда адамзатты тынчтыкка, ынтымакка, кызматташтыкка, гуманизмге жана табият менен гармонияда жашоого үндөгөн III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ийгиликтүү аяктаганын белгилейт.

Ошондой эле президент кайрылуусунда байыркы көчмөн элинин маданиятын дүйнөгө тааныткан бул масштабдуу иш чара максатына жетип, өлкөнүн эл аралык аброюн арттырганын айткан.

"Дүйнөнүн чар тарабынан келген конокторду кучак жая тосуп алып, урмат-сый көрсөткөн мекендештериме - Кыргызстан элинин меймандостугуна, мекенчилдигине жана ак пейилине таазим кылам!

Кырчын жайлоосундагы “Көчмөндөрдүн алтын доору” деп аталган этношаарча өлкөбүздүн бардык дубандарынын күчү менен түзүлүп, аны 150 миңден ашык коноктор көрүштү.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үч жолу катары менен кыргыз жеринде, касиеттүү Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп, бул эл аралык деңгээлдеги масштабдуу иш-чара элибиздин биримдигин бекемдеп, мекенчилдик духун бийиктетти.

Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү кезеги Кыргызстандын авторлугун сактоо шарты менен Түркияга берилди. Бул уникалдуу долбоордун келечекте эл аралык мааниге ээ болуп, түбөлүгү түз болушу үчүн зарыл.

Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын кыргыз эрежелерине, философиясына жана максатына ылайык дүйнө жүзүнө таркашына кызыкдар",- деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

"Бул чоң салтанатты даярдоого жана жогорку уюшкандык деңгээлде өткөрүүгө журтубуз жапырт колдоо көрсөтүп, дүйнөгө өз тарыхын жана маданиятын сыйлаган эл катары таанылдык.

Көчмөндөр оюндарын даярдоого жана өткөрүүгө зор салымдарын кошкон мекендештериме терең ыраазылык билдирем. Кыргыз эли сиздер менен сыймыктанат!",- деп жазылат президенттин кайрылуусунда.

Айта кетсек, көчмөндөрдүн салт-санаасы, көөнө мурасы жанданып, ал дүйнө элдеринин кызыгуусун жаратты. Оюндарды көрүү үчүн Кыргызстанга 70 миңге жакын чет элдик туристтер, бардык континенттердеги 74 өлкөдөн 3 миңге жакын спортчулар жана катышуучулар келишти.

Көчмөндөр оюндарын 600дөн ашык чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чагылдырышты. Оюндар дүйнөнүн 60 өлкөсүндө түз берилди.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жалган кызматкери кармалды
Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жалган кызматкери кармалды
Европага визалар кымбаттады
Европага визалар кымбаттады
Жээнбеков:
Жээнбеков: "Ар бир район борборунда 3 км жолго асфальт төшөлөт"
Путиндин кабылан кармаганын жазгандар сыйлык алды
Путиндин кабылан кармаганын жазгандар сыйлык алды
Богокко таасир эткен тамак-аштар?
Богокко таасир эткен тамак-аштар?
Үйлөнгөндөн кийин эркектер эмнеге салмак кошот?
Үйлөнгөндөн кийин эркектер эмнеге салмак кошот?
Баңгизатты мыйзамсыз ташуу маселеси талкууланды
Баңгизатты мыйзамсыз ташуу маселеси талкууланды
Айзада Тыныбекова:
Айзада Тыныбекова: "Инстаграммдан көп акча табууга болот"
Сурабалдиева: Силер эмне уктап жатасыңар?
Сурабалдиева: Силер эмне уктап жатасыңар?
Кара-Сууда 2 жеңил унаа кагышып, 4 адам жаракат алды
Кара-Сууда 2 жеңил унаа кагышып, 4 адам жаракат алды
Муздуу сууда сүзгөндөр бактылуубу? (видео)
Муздуу сууда сүзгөндөр бактылуубу? (видео)
Жаңы конуштардын активисттери үчүн тренинг өткөрүлдү
Жаңы конуштардын активисттери үчүн тренинг өткөрүлдү
 Кыргызстандын жана Түркиянын ички иштер министрлери жолугушту
Кыргызстандын жана Түркиянын ички иштер министрлери жолугушту
Саламат Садыковадан жаңы ыр “Бул өмүр!” (видео)
Саламат Садыковадан жаңы ыр “Бул өмүр!” (видео)
​Нурмагомедов ММА мушкери Жорж Сен-Пьерди мелдешке чакырды
​Нурмагомедов ММА мушкери Жорж Сен-Пьерди мелдешке чакырды
Назира Айтбекова: Аял сүйбөгөн адамынан тукум улагысы келбейт
Назира Айтбекова: Аял сүйбөгөн адамынан тукум улагысы келбейт