Швецариянын бизнес-делегациясы менен жолугушуу ѳткѳрүлдү

Швецариянын бизнес-делегациясы менен жолугушуу ѳткѳрүлдү
11-Сен. 2018, Шейшемби, 15:43

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында шаар вице-мэри Бакытбек Дюшембиевдин Швецариянын бизнес-делегациясынын башында турган «Швейцария – Россия\КМШ» соода палатасынын президенти Ги Меттан менен жолугушуусу ѳткѳрүлдү.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндѳ Бишкек шаарынын мэриясы менен Швецариянын бизнес-коомдоштугунун ѳкүлдѳрү менен Бишкек шаарынын инвестициялык мүмкүнчүлүктѳр багытында кызматташуусу талкууланды.


Жолугушууга «Бишкекбашкыархитектура» МИнин башчысы Асхат Тулебердиев, Шаарды ѳнүктүрүү агенттигинин директору Рано Разаматова, Женеванын Соода-ѳндүрүш палатасынын директорунун орун басары Винсент Субилия, BCGE башкы менеджери Сильвио Органтини, «FransadGestion» компаниясынын башкы менеджери Оливье Жакьюму, «IntegralPetroleumSA» башкы директору Мурат Сейнепесов, «JeantetSuisse» юристтер ассоциациясынын мүчѳсү Патрис Лефевр-Пеарон, «Orbiwise» компаниясынын стратегиялык эсептер бѳлүмүнүн башкы директору Хелал катышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!