Лондон мэри "Жамийла" чыгармасынан үзүндү окуду (видео)

Лондон мэри
12-Сен. 2018, Шаршемби, 09:48

Лондон шаарынын мэри Садик Хан кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекесине арналган Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилиги уюштурган «Айтматов окуулары» иш-чарасына катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Айта кетсек, Садик Хан видео аркылуу чыгып сүйлөгөн сөзүндө, жазуучунун «Жамийла» аттуу чыгармасынан үзүндү окуп берди.

Эскерте кетсек, иш-чараны уюштурууга Улуу Британиянын парламентинин алдындагы «Улуу Британия-Кыргызстан» Жалпы партиялык парламенттик достук тобунун секретариаты өзүнүн колдоосун көрсөттү.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!