Абылгазиев жумушчу сапары менен Ош облусуна барат

Абылгазиев жумушчу сапары менен Ош облусуна барат
12-Сен. 2018, Шаршемби, 09:53

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 12-сентябрда, эки күндүк жумушчу сапары менен Ош облусуна барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Өкмөт башчы сапардын жүрүшүндө Чоң-Алай жана Өзгөн райондорунда орто мектептердин жана оорукананын ачылыш салтанатына катышат.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев Жекенди-Шибээ каналынын курулушунун жүрүшү жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы «Перети Коал» ЖЧКсы көмүр ишканасынын иши менен таанышмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!