Инвестиция тартууга тоскоолдук кылгандар жазаланат

Инвестиция тартууга тоскоолдук кылгандар жазаланат
12-Сен. 2018, Шаршемби, 10:40

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ, 11-сентябрда инвестицияларды тартуу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрүп, өлкө экономикасына инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү боюнча ишти күчтөндүрүүнү, ошондой эле инвестициялардын келүүсүнө карай тоскоолдуктарды жоюу боюнча чараларды активдештирүүнү талап кылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттигинин директору Шумкарбек Адылбек уулу жер тилкелерин бөлүү, инфраструктурага кошуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калк менен өз-ара аракеттешүүсү сыяктуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда келип чыгуучу көйгөйлүү маселелерге токтолду.

«Маселелерди чечүүнүн бирден-бир ыкмасы катары бардык шаарлар – өнүгүү борборлору боюнча инвестициялык лотторду киргизүү болуп саналат. Көрсөтүлгөн лоттор инвестициялык долбоорлорду тоскоолдуксуз ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү тийиштүү документтердин топтомун камтыйт. Ошондой эле анда салык салуу, бажы жеңилдиктери, сырьелук база боюнча аналитикалык маалыматтар сунушталат. Натыйжада, өлкөгө келген инвестор ишке ашырууга сунушталган долбоорлордун тыкыр сүрөттөлүшүн көрө алат», – деди ал.

Өкмөт башчынын айтымында, инвестициялардын келишине жана конкреттүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жасалма тоскоолдуктарды жаратуу фактылары аныкталган шартта күнөөлүү жактарга карата кылмыш жоопкерчилигине чейинки катуу чаралар көрүлөт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Эйнштейндин нацисттик бийликке чейин
Эйнштейндин нацисттик бийликке чейин "тунгуюктуу мезгил келатат" деген каты...
“YouTube”да бекер фильмдер пайда болду
“YouTube”да бекер фильмдер пайда болду
Кайсы белгилүү кроссовкалар ден-соолукка зыян?
Кайсы белгилүү кроссовкалар ден-соолукка зыян?
20-ноябрь:айрым райондордо мезгил-мезгили менен жаан жаайт
20-ноябрь:айрым райондордо мезгил-мезгили менен жаан жаайт
​Мейвезерге Хабиб менен таймашууга 150 миллион доллар сунушталды
​Мейвезерге Хабиб менен таймашууга 150 миллион доллар сунушталды
Башкалардын өтүнүчүн аткаруудан кантип баш тартыш керек?
Башкалардын өтүнүчүн аткаруудан кантип баш тартыш керек?
Мэрия
Мэрия "Тез жардам" кызматына 6 унаа тапшырды
Иммунитетиңизди алсыраткан адаттар
Иммунитетиңизди алсыраткан адаттар
Жаңы жылдык балатылар түркмөн жомокторундай жасалгаланат
Жаңы жылдык балатылар түркмөн жомокторундай жасалгаланат
Абылгазиев деңиз куралдарын өндүргөн ишканага барды
Абылгазиев деңиз куралдарын өндүргөн ишканага барды
6 адамды алып бара жаткан лифт 95-кабаттан кулады
6 адамды алып бара жаткан лифт 95-кабаттан кулады
Назира Айтбекова: “Жаман, жек көргөн адамың сенин периштең, досуң экен…”
Назира Айтбекова: “Жаман, жек көргөн адамың сенин периштең, досуң экен…”
Көздүн тегерегиндеги бырышка каршы маскалар
Көздүн тегерегиндеги бырышка каршы маскалар
Тойдо урушкан жаш жубайларды элдештирген Эрнис Бөрүбаев
Тойдо урушкан жаш жубайларды элдештирген Эрнис Бөрүбаев
Москвада кыргызстандык таксист кардарынын капчыгын кайтарып берди
Москвада кыргызстандык таксист кардарынын капчыгын кайтарып берди
Бензиндин баасына нааразылардын бирөө көз жумса, 400ү жарадар болду
Бензиндин баасына нааразылардын бирөө көз жумса, 400ү жарадар болду