Балбак Түлѳбаев блогерлер менен жолугушту (фото)

Балбак Түлѳбаев блогерлер менен жолугушту (фото)
12-Сен. 2018, Шаршемби, 11:02

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында мэриянын аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу Балбак Түлѳбаевдин коомдогу кѳйгѳйлѳрдү социалдык тармактарда байма-бай чагылдырып турган блогерлер менен жолугушуусу ѳткѳрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Анда айтылгандай, жолугушууда калаадагы мыйзамсыз берилип кеткен парктарды муниципалитетке кайтаруу, бульварларды жана шаардын ичин жарыктандыруу, базарлардын айланасын ирээтке келтирүү, жол белгилерин орнотуу, кѳрнѳк-жарнактардагы жана кѳчѳлѳрдүн аталыштары жазылган аншлагдардагы каталарды оңдоо жана башка шаардагы кѳйгѳйлѳр талкууланып, блогерлер тарабынан кѳптѳгѳн сунуштар айтылды.

Өз кезегинде аппарат жетекчиси Балбак Түлѳбаев жолугушуунун катышуучуларына ыраазычылык билдирип, киргизилген сунуштар Бишкек шаарынын мэриясынын ѳнүктүрүү программасында дагы караларын белгиледи.
Бул багыттагы коомчулук ѳкүлдѳрү менен жолугушуулар дагы улантыла бермекчи.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!