​Улуттук банктын орун басары кызматынан бошотулду

​Улуттук банктын орун басары кызматынан бошотулду
12-Сен. 2018, Шаршемби, 11:11

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Лада Орозбаева кызматынан берген арызына ылайык бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда президенттин аппаратынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Айта кетсек, Лада Орозбаева 2014-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Улуттук банктын төрагасына орун басар болуп дайындалган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!