Албек Ибраимовдун соттук иши жылдырылды

Албек Ибраимовдун соттук иши жылдырылды
12-Сен. 2018, Шаршемби, 14:39

Бүгүн, 12-сентябрь күнү Бишкек шаардык сотунда Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасын кароого байланышкан соттук иш жылдырылды.

Ибраимовдун жактоочусу Сергей Слесарев маалымдагандай, соттук отурумду жабык өткөрүү чечими кабыл алынган. Мында соттук отурумга айыпталуучунун адвокаты гана кирмек. Бирок, чечимге айыпталуучунун тарапташтарында нааразычылык пайда болду. Жыйынтыгында соттук отурум 17-сентябрь күнү саат 10:00гө белгиленди.

27-августта Бишкек шаарынын мурунку мэри Албек Ибраимовдун абактагы мөөнөтүн узартуу боюнча иши Биринчи Май райондук сотунда каралып, судья Эмилбек Каипов анын камактагы мөөнөтүн 28-октябрга чейин узартуу өкүмүн чыгарган.

УКМКнын расмий айыптоосуна таянсак, кылмышка шектүү катары кармалып жаткан Албек Ибраимов ТНК “Дастан” ААК башкармалыгынын төрагасы болуп турган учурда ТНК “Дастан” ААК коргонуу каражаттарын сатып алуу боюнча ири контрактка келишим түзүү үчүн сатуучудан сый акы катары 270 000 АКШ доллар алган.

Мындан сырткары Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси боюнча козголгон дагы бир кылмыш иши тергөлүүдө, анын алкагында “Солнечный берег” пансионаттын ААК 100 пайыз акция пакетин сатуу аркылуу ТНК “Дастан” ААК 152 млн сомдон ашык чыгым келтирилген.

Экс- мэр Албек Ибраимов 19-июлдан бери УКМКнын убактылуу кармоочу жайында жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
“Коопсуз шаар” боюнча орнотулган камералардын баасы 30 миң долларбы? (видео)
“Коопсуз шаар” боюнча орнотулган камералардын баасы 30 миң долларбы? (видео)
Ырчы Райхан Абдувалиевадан жыгач ваза
Ырчы Райхан Абдувалиевадан жыгач ваза
Коопсуз шаар: Жол эрежесин бузгандарга протоколдор жеткириле баштайт
Коопсуз шаар: Жол эрежесин бузгандарга протоколдор жеткириле баштайт
Депутат:
Депутат:"Калктан электрдин акысын мыйзамсыз алуу жосуну уланууда"
Кытайдын жаңы технологиядагы куралы көпбү?
Кытайдын жаңы технологиядагы куралы көпбү?
Эркектер менен аялдардын психологиясы
Эркектер менен аялдардын психологиясы
МАККББ кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
МАККББ кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
Шайназаров:
Шайназаров:"Айдарбеков туристке айланып калды, барбаган өлкөсү калган жок"
Роботторду ишке алган мейманкана жарым кызматкерин жумуштан кетирди
Роботторду ишке алган мейманкана жарым кызматкерин жумуштан кетирди
Дубайда күйөрман болуп ырчы Мирбек Атабеков да барды
Дубайда күйөрман болуп ырчы Мирбек Атабеков да барды
Келдибаев: «Өкмөт ипотеканын үстөк пайызын 4 пайызга төмөндөтүшү зарыл»
Келдибаев: «Өкмөт ипотеканын үстөк пайызын 4 пайызга төмөндөтүшү зарыл»
Жаш көрсөткөн кышкы сырткы кийимдер
Жаш көрсөткөн кышкы сырткы кийимдер
Президент:
Президент:"Адамдын кадыр-баркы – таза эмгек менен гана бааланышы зарыл"
“Жиндиканалык качкындар”  тасмасынын бет ачаары болду
“Жиндиканалык качкындар” тасмасынын бет ачаары болду
​Мэйвезер “Ювентусту” Суперкубогу менен куттуктады
​Мэйвезер “Ювентусту” Суперкубогу менен куттуктады
Вице-спикер дресс-код тууралуу үн катты (видео)
Вице-спикер дресс-код тууралуу үн катты (видео)