Өмүрбек Бабанов боюнча тергөө иши жүрүп жатат

Өмүрбек Бабанов боюнча тергөө иши жүрүп жатат
12-Сен. 2018, Шаршемби, 14:43

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Бабанов боюнча тергөө иши жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымына ылайык, тергөө иштеринин жыйынтыгы менен тийиштүү чаралар кабыл алынат.

Айта кетсек, былтыр 4-ноябрда Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Бабановго Кылмыш жаза кодексинин "конституциялык түзүмдү күч менен басып алууга чакырык жасоо жана улуттар аралык, расалык же диний кастыкты козутуу" беренелери боюнча кылмыш иши козгогон.

Бул боюнча аталган ведомство атайын билдирүү жарыялаган. Андагы маалыматка караганда, тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин натыйжасында Бабанов президенттик кызматка талапкер катары шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүрүшүндө, 2017-жылдын 28-сентябрында Ош шаарынын Амир Темир кичи районунун жашоочулары, негизинен өзбек тектүүлөр менен жолугушкан учурда алардын добушун алуу максатында өзбектердин укугу тебеленип жатканын, мамлекеттик органдар тараптан басымга кабылганын, улуттук теңсиздик бардыгын айтып, буга каршы жигердүү күрөшүүгө чакырганы аныкталганыдыгы жазылган.

Президенттик шайлоодон кийин Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен жана ал 2017-жылдын 30-декабрында саясаттан биротоло кете турганын да коомчулукка жарыялаган. Ошол бойдон Кыргызстанга кайтып келе элек.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
​Футболчу оюн учурунда каза болду
​Футболчу оюн учурунда каза болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
Путин манжасын оорутуп алды
Путин манжасын оорутуп алды