Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү үчүнчү жаран кармалды (видео)

Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү үчүнчү жаран кармалды (видео)
12-Сен. 2018, Шаршемби, 15:09

Ички иштер министрлиги экс-башкы прокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча кылмыш ишине шектелгендердин бардыгын кармалганын маалымдады.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 6-ноябрь күнү түнкү саат 01:30 чамаларында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында жайгашкан үйгө күңүрт кийинген белгисиз бет капчан үч адам кирип келишкен. Конокторду тосуучу бөлмөдөн үйдүн кожоюну 1975-жылы туулган Улан Саляновго ок чыгарышып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кетишкен. Ок атуудан алган жаракатынын кесепетинен ооруканага бара жатканда Улан Салянов каза болгон.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн 14-пункту боюнча (адам өлтүрүү) кылмыш иши козголгон. Ал эми кийинки иликтөө ишин уюштуруу Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына тапшырылган.

2018-жылдын августунда Екатеринбург шаарынын аймагында бирдиктүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда изделип жаткан 1988-жылы туулган Насруллаев Заурдун жүргөн жери аныкталып, кармаган учурда күнөөсүн толугу менен моюнуна алган. Насруллаев Заур Россиянын жараны болуп саналат.

Россия Федерациясынын компетентүү органдарына жогоруда көрсөтүлгөн жаранды экстрадициялоо боюнча тиешелүү материалдар жөнөтүлдү.
Оперативдик тасма Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМК тарабынан берилип, Москвада Асанэмир Абыкулов күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, көрсөтмө берген учуру тартылган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
21-сентябрь: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
21-сентябрь: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
Пакистандын экс-премьери күрөөгө бошотулду
Пакистандын экс-премьери күрөөгө бошотулду
Небересин тирүү көмгөн аял кармалды
Небересин тирүү көмгөн аял кармалды
Макешов: “500 миң сомдук долбоор азыр 500 миң долларлык долбоорго айланды”
Макешов: “500 миң сомдук долбоор азыр 500 миң долларлык долбоорго айланды”
Жээнбеков
Жээнбеков "Астра Солар Технолоджис” ишканасында болду
Учакта жүргүнчүлөрдүн оозу мурду канады
Учакта жүргүнчүлөрдүн оозу мурду канады
Бишкек шаардык кеңешти 29 жаштагы Абиров башкарат
Бишкек шаардык кеңешти 29 жаштагы Абиров башкарат
Мэр бала бакчага күтүүсүз барды (фото)
Мэр бала бакчага күтүүсүз барды (фото)
Марат Джаманкулов Юстиция министри болуп дайындалды
Марат Джаманкулов Юстиция министри болуп дайындалды
Жаӊыл Мамбеталы  Жогорку соттун судьялыгына шайланды
Жаӊыл Мамбеталы Жогорку соттун судьялыгына шайланды
Киркоров жана Басковдон Канье Уэстин клибине пародия
Киркоров жана Басковдон Канье Уэстин клибине пародия
Өкмөттүн аппарат жетекчиси болуп Шамилбек Асымбеков дайындалды
Өкмөттүн аппарат жетекчиси болуп Шамилбек Асымбеков дайындалды
 Ири өлчөмдөгү салыктарды төлөөдөн качуу фактысы аныкталды
Ири өлчөмдөгү салыктарды төлөөдөн качуу фактысы аныкталды
Сарыбашов: Ишкерлерди ар тараптан колдоого даярбыз (фото)
Сарыбашов: Ишкерлерди ар тараптан колдоого даярбыз (фото)
​Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстанга иш сапар менен барат
​Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстанга иш сапар менен барат
"Человек на Луне" фильминин акыркы трейлери (видео)