​ ЮНИСЕФ бала сатуу боюнча билдирүү таратты

​ ЮНИСЕФ бала сатуу боюнча билдирүү таратты
18-Сен. 2018, Шейшемби, 13:39

БУУнун Кыргыз Республикасындагы Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Бишкек шаарындагы интернаттык жана медициналык мекемелерде ымыркайларды соодалоо жана бала сатуу учурлары тууралуу ЖМКда чыгып жаткан маалыматтарга терең тынчсыздануусун билдирди.

"Ымыркайларды соодалоо жана бала сатуу – алардын укуктарын өтө одоно бузуу. Ымыркайларды жана бала сатуунун алдын алуу үчүн ЮНИСЕФ Кыргыз Республикасынын тийиштүү органдарын ар бир окуяны терең иликтеп, келечекте мындайды болтурбоо үчүн өлкөнүн мыйзамдарына ылайык болгон чараларды көрүүгө чакырат. ЮНИСЕФ тууралуу: БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан. ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматтыhttps://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз. Ошондой эле Facebook, Instagram жана Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз",-деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!