Абылгазиев: "Нарын шаары кичинекей кыштакчадан заманбап шаарга айланды"

Абылгазиев:
22-Сен. 2018, Ишемби, 10:52

Кечээ, 21-сентябрда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын шаарынын 150 жылдыгына арналган «Нукура» фестивалына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Премьер-министр аталган фестивалда сөз сүйлөп жатып, ал «Бир жарым кылымдык узак жолду басып өтүп, Нарын шаары кичинекей кыштакчадан заманбап шаарга айланды», – деп билдирди.

Ошондой эле өкмөт башчы баса белгилегендей, шаардын маарекеси жергиликтүү калк үчүн гана эмес, бардык кыргызстандыктар үчүн дагы майрам болуп саналат.

«Акыркы жылдары Нарын шаарынын жана Нарын облусунун инфраструктурасын өнүктүрүүгө зор көңүл бурулууда. Кызматтык жана ипотекалык үйлөр курулууда. Жаңы жумуш орундарын түзүлүп, чакан жана орто ишкердикти, туризмди өнүктүрүлүп жатат. Ошону менен бирге аймактын калктуу пункттары таза ичүүчү суу менен камсыздалууда. Аймактарды жакшыртуу жүрүүдө, карапайым жарандардын жашоо шарттары жакшыртылууда», – деди Абылгазиев.

Премьер-министр аймактык өнүктүрүү боюнча программалар алкагында шаарды өркүндөтүү иштери улантыларына ишендирип кетти.

«Буга катар брендге айланган жергиликтүү айыл чарба продукциясын чет элдик рынокко чыгаруу боюнча макулдашылган ырааттуу саясатты жүргүзүү зарыл. Нарын жергесинин эт жана сүт продукциясы жана балы атамекендик брендге айланышы керек. Биз келечекте Нарын шаары жайкы жана кышкы туризмди айкалыштырган туристтик борборлордун бирине айланат деп ишенебиз», – деди Абылгазиев.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!