Боронов Ош облусунда жаңы социалдык объектилерди ачты

Боронов Ош облусунда жаңы социалдык объектилерди ачты
22-Сен. 2018, Ишемби, 13:23

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Ош облусуна эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилердин ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Араван районунун Жаңы-Арал айылындагы 90 балага эсептелген жаңы бала бакчанын ачылыш салтанатындагы сөзүндө биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, өлкө Өкмөтү билим берүү тутумуна өзгөчө көңүл бурат. Билим берүү тутумун, анын ичинде мектепке чейинки билим берүүнү өркүндөтүү жана өнүктүрүү максаттарында, республикалык бюджеттен зарыл финансылык каражаттар бөлүнөт.

Ошондой эле Алай районунун Жаңы-Турмуш айылындагы Курманжан Датка атындагы орто мектептин ачылыш салтанатына катышууда Кубатбек Боронов белгилегендей, 2018-2022-жылдарга Аймактарды өнүктүрүү концепциясы алкагында калктын экономикалык активдүүлүгүн жогорулатуу, аймактарды адистештирүүнү киргизүү жана өнүктүрүү үчүн өнүктүрүү түйүндөрү – 20 пилоттук шаар тандалып алынган. Бул – аймактарды өнүктүрүүгө жаңы ыкма тандоого мүмкүндүк берүүчү узак мөөнөттүү программа.

Биринчи вице-премьер-министрге маалымдалгандай, 150 окуучулук орунга эсептелген мектепте балдардын толук кандуу билим алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Буга катар Боронов республикалык бюджеттин эсебинен курулган Алай районунун Гердегей-Мыязды участкасындагы фельдшердик-акушердик пункттун ачылыш салтанатына катышты. Аталган объекттин курулушуна 3899,67 миң сом бөлүнгөн.

Мындан тышкары, биринчи вице-премьер-министр «Потенциал» ЖЧК ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты, анда 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча 4650 тонна пахта өндүрүлгөн. Белгилесек, ишканада 70 адам эмгектенет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
18-октябрь: жаан-чачын күтүлбөйт
18-октябрь: жаан-чачын күтүлбөйт
Өкмөт башчы Айдарбековду колунан жетелеп жүрүп ТИМге алып бардыбы?
Өкмөт башчы Айдарбековду колунан жетелеп жүрүп ТИМге алып бардыбы?
Дүйнөдөгү сасык гүл гүлдөдү
Дүйнөдөгү сасык гүл гүлдөдү
Тамганын жаңы ыры хит болуп жатат (видео)
Тамганын жаңы ыры хит болуп жатат (видео)
Назира Айтбекова: Ичип, өмүрүнө кол салат, туура эмес ишке барат
Назира Айтбекова: Ичип, өмүрүнө кол салат, туура эмес ишке барат
Миллиардер космос тууралуу кыялын айтты
Миллиардер космос тууралуу кыялын айтты
Каныкей: Жашоо бар! Жашоо чексиз!
Каныкей: Жашоо бар! Жашоо чексиз!
ИИМ: Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды
ИИМ: Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды
Мугалим эжесине актанган окуучулар кызуу талкууга  алынууда (видео)
Мугалим эжесине актанган окуучулар кызуу талкууга алынууда (видео)
50 жаштагы Джулия Робертс жана Николь Кидман кош бойлуу
50 жаштагы Джулия Робертс жана Николь Кидман кош бойлуу
101 депутат Айдарбековду ТИМге жетекчи болушун бир добуштан колдоду
101 депутат Айдарбековду ТИМге жетекчи болушун бир добуштан колдоду
Көп функционалдуу трансформер-текчелер (видео)
Көп функционалдуу трансформер-текчелер (видео)
“Apple” “Asaii”нын стартабын сатып алды
“Apple” “Asaii”нын стартабын сатып алды
Момбеков:
Момбеков:"Чалдардан өзүңүз чарчадыңызбы же чалдарыңыз чарчадыбы?"
Абылгазиев Айдарбековдун талапкерлигин эмне үчүн тандаганын түшүндүрдү
Абылгазиев Айдарбековдун талапкерлигин эмне үчүн тандаганын түшүндүрдү
Майкл Джексонду туурап бийлеген робот ит (видео)
Майкл Джексонду туурап бийлеген робот ит (видео)