Президент жаңы мыйзамга кол койду

Президент жаңы мыйзамга кол койду
24-Сен. 2018, Дүйшөмбү, 13:17

Президент Сооронбай Жээнбеков «административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда президенттик аппараттан кабарлашты.

Жарлыкта белгиленгендей, азыркы административдик-аймактык түзүлүшү мамлекеттин тарыхый өнүгүүсүнүн процессинде калыптанган жана өлкөнү социалдык-экономикалык, саясий жана маданий өнүктүрүүнүн маселелерин чечүү үчүн түзүлгөн.

Бул жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө президенттин апппаратынын жетекчисине жүктөлдү.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!