ТИМ: "Элчинин өзүнүн мыйзамсыз иштери тууралуу маалыматтар бар"

ТИМ:
25-Сен. 2018, Шейшемби, 12:11

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылычбек Султановду кечээ, 24-сентябрда мурдагы министрдин орун басары Зууракан Каденованын учак бортундагы жүрүм-туруму боюнча маалымат жыйынын өткөрүү менен дипломаттык этиканын элементардык нормаларын бузду деп эсептейт.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, биринчиден Султанов Кыргызстандын мамлекеттик кызматкердин ишмердүүлүгүн жана жүрүм-турумун жөнгө салуучу мыйзам жоболорун, ошондой эле элементардык дипломатиялык эрежелерди кезектеги жолу бузуп жатканына көӊүл буруу керек.

"ТИМде биздин көз карашыбызда элчинин тарабынан белгилүү бир бузуулар болгондугу тууралуу маалыматтар бар, эгерде алар тастыкталса тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилет. Султановдун мындай кадамдарга барышына жогорку көрсөтүлгөн бузуулар себеп болушу мүмкүн экендигин жокко чыгарбайбыз. Түзүлгөн кырдаалда министрлик өлкө башчысына Султановдун мындан ары ээлеген кызматында туруусунун ылайыксыздыгы тууралуу сунуш берүү маселесин карап жатат. Ошону менен бирге, министрлик Султанов тарабынан айтылган маалыматтарды иликтеп чыгуу боюнча тиешелүү органдарга толук жана ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр",-деп маалымдашты ведомствонун басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, 22-сентябрда Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарынын аэропортунан учакка мас абалында кирип, ызы-чуу чыгарганы кабарланган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!