Тамила Маматова: Айтматовдун эстелигин бир жылда жасап бүттүм (фото)

Тамила Маматова: Айтматовдун эстелигин бир жылда жасап бүттүм (фото)
25-Сен. 2018, Шейшемби, 13:29

Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигин бир жылда жасап бүткөн Тамила Маматова бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда Бишкекте болгон басма сөз жыйынында билдирди.

“Мен Санкт-Петербург шаарындагы Илья Репин сүрөт академиясын окуп бүтүрдүм, ал жактан диплом жактоого келгенде биздун улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун эстелигин жасайм деп өзүмө сөз берип жасадым. Бул эстеликтин көлөмү 3 метр болгондуктан менин жетекчим жана профессор мугалимдер каршы чыкты. Алардын каршы чыкканына карабастан аларга 6 ай бою көргөзбөй өз алдымча жасап бүтүп көргөздүм. Баары мен ойлогондой болуп ийгилигиме жеттим. Бул эстеликти Санкт-Петербург шаарына же Казакстанга, Тажикстанга алып калууну суранышты, бирок мен 50 миң рубль менен өлкөбүзгө алып келдим. Эми ушул эстелик шаарыбыздын көрктүү бир жерине коюлса деген ишеничтемин”,-деди Маматова.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!