Ысык-Көлдүн театр артисттери Жалал-Абадда болду

12-Апр. 2017, Шаршемби

Бүгүн, 12-апрелде Жалал-Абад областтык Барпы атындагы кыргыз драма театрынын сахнасында Ысык-Көл областтык Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театрынын чыгармачыл жамааты драматург Жумабек Осмоновдун калемине таандык “Шабдаалы гүлү” аталышындагы спектаклин койду.

Аталган театрдын директору Курсант Абдрахмановдун айтымында, быйылкы “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын урматына жаштарды адептүүлүккө, ыймандуулукка, маданияттуулукка тарбиялоо максатында, Ж.Осмоновдун тарбиялык мааниси өтө чоң спектаклин сахнага алып чыгышууда.

“Ушул эле спектаклди Ош шаарында эки күн койдук. Көрүүчүлөр жакшы келип беришти. Бүгүн Жалал-Абадда да көрүүчүлөр көп келишти. Келген көрүүчүлөрдү көрүп, Жалал-Абаддын жаштары спектаклди, театрды сүйөт экен, баалайт экен деп, ойлоп калдым. Бизди жакшы маанайда, колдоп тосуп алган жалал-абаддык көрүүчүлөргө жана Жалал-Абад областтык Барпы атындагы кыргыз драма театрынын администрациясына терең ыраазычылык билдиребиз”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Ысык-Көл областтык театры түштүк аймагындагы гастролун улантып, эртең Кара-Суу шаарында болот. Театрдын жамааты жылдын аягына чейин бардык областтарды кыдырып чыгуу ниетинде.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!