Аял көп кабаттуу үйдөн секирүүгө аракет кылды

12-Апр. 2017, Шаршемби

12-апрелде саат 16:40 чамасында Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы аял көп кабаттуу үйдөн секирүү аракетин жасаган. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда бийиктиктен секирүүгө аракеттенген аял №3 шаардык милиция бөлүмүнө жагдайды аныктоо үчүн жеткирилди.

“Алгач биз бул жашы жете элек кыз деп ойлогонбуз, кийин үй-бүлөлүү экени аныкталды. Паранжа жамынат. Ал күйөөсү менен урушуп кетип, таарынычын ушундай жол менен көрсөткөн. Учурда чатырдан түшүрдүк, баары жакшы”, - деп билдиришти Бишкек ШИИБден.

Айта кетсек, Жалда курулуп бүтө элек үйдүн чатырында аял жерге секирем деп коркутуп турганындыгын күбөлөр айтышкан. Аталган жерге милиция кызматкерлери жана ӨКМдин кызматкерлери жөнөшкөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!