Эл аралык издөөдө жүргөн аял кармалды

13-Апр. 2017, Бейшемби

Эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран Москвадан кармалды. Бул тууралуу Кыргызcтандын Орусиядагы элчилигинен билдирди.

Белгилүү болгондой, Москвада 10-апрель күнү укук коргоо органдары тарабынан 09.02.1973-жылкы Ж.Н аттуу аял 4 айлык баласы менен кармалган. Ал Кыргызстандын жараны болгон. Кармалган жаран эл аралык издөөдө жүргөн. Бул аялга Жалал-Абад облусунун Сузак РИИБи эл аралык издөө жарыялаган.

“12-апрелде кармалган жарандын кызы менен жолугушуу болуп, тийиштүү укуктук кеңештер берилди. Азыркы тапта төрт айлык бала Москва шаарынын ооруканаларынын биринде бир тууган сиңдисинин кароосунда жатат. Ага карата козголгон иш Москва шаарынын Кузьминск райондук сотунда каралууда. Маселени элчилик көзөмөлгө алды”, - деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!