Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка жолуна жер көчкү түштү

13-Апр. 2017, Бейшемби

Чаткал районунда бүгүн, 13-апрелде саат 03:20 чамасында Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 96-чакырымында жааган жамгырдын кесепетинен көлөмү 200м3 келген суюк ылай агып түшүп, жол каттамы тосулуп калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, жолду тазалоого №27 жол тейлөө ишканасынан 1 бульдозер тартылып, саат 05:40та жол толугу менен тазаланып ачылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!