​Баткенде дарыгерлер жетишпейт

13-Апр. 2017, Бейшемби

Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар түрдүү маселелер” саатында депутаттар медицина тармагындагы орчундуу көйгөйлөргө токтолду. Эл өкүлү Альфия Самигулина медицина тармагында эмгектенген кадрлар сыртка чыгып жатканын айтат.

“Кыргызстандын медицина тармагынын адистерин КМШ өлкөлөрүндө кош колдоп тосуп алат. Мындан улам буга чейин Кыргызстандын медиктеринин сыртка иштеп кеткен агымы болгон. Бүгүнкү күндө жетишсиз эмгек акыга адистер региондорго барбайт. Ошондуктан, КР Өкмөтү мындай актуалдуу маселеге кайдыгер карабай, кандайдыр бир чараларды көрүшү зарыл. Алардын өз өлкөсүндө туруктуу иштеп калуусуна тиешелүү шарттарды түзүп беришибиз керек”,- дейт депутат.

Депутат Кубанычбек Нурматов 18 миң калкы бар Баткен облусунун Кадамжай районундагы ооруканада окулист, ЛОР бөлүмдөрү жоктугунан жергиликтүү тургундардын көз, кулак, мурун оорулары менен борборго агылбай жеринде дарылоо үчүн аталган бөлүмдөрдү ачуу зарылдыгын КР Өкмөтүнө багыттады.

Депутат Осмонбек Артыкбаев жарандардын, айрыкча, балдар менен энелердин аз кандуулугун алдын алуу үчүн байытылган ун менен камсыздоо зарылдыгын, республика аймагына кирип жаткан байытылбаган унга көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!