Москвадагы мекендештер ишембиликке чыгат

13-Апр. 2017, Бейшемби

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги 29-апрелде Москва шаарынын «Дружба» эс алуу паркынын, Манас атанын эстелиги орнотулган аянтта салтка айланып калган ишембилик өткөрөт. Бул тууралуу элчиликтен билдирди.

Маалыматка ылайык, Москва шаарынын Маданият департаментинин жетекчилиги менен макулдашууга ылайык, керектүү шаймандар менен “Достук” эс алуу паркынын администрациясы камсыздайт. Ишембилик саат 9.30да башталат.

Ушуга байланыштуу, элчилик мекендештерди, жалпы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүн, ишембиликке чакырат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!