Айдоочу унаасын башкара албай Ак-Суу суусуна түшүп кетти

Айдоочу  унаасын башкара албай Ак-Суу суусуна түшүп кетти
15-Окт. 2018, Дүйшөмбү, 14:53

Кадамжай районунун Кадамжай-Жийделик унаа жолунун 5-чакырымында “Lexus RХ-300” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай Ак-Суу суусуна түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, унаанын ичинде 2 эркек киши болгон, алар эч кандай жаракат алышкан эмес. Кырсык болгон жерге куткаруучулар барып, унаанын ичиндеги адамдарды унаадан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!