Жаштар иштери боюнча кеңешинин биринчи жыйыны өттү

Жаштар иштери боюнча кеңешинин биринчи жыйыны өттү
15-Окт. 2018, Дүйшөмбү, 15:10

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын төрайымдыгы алдында Жаштар иштери боюнча кеңешинин биринчи жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйында жаштар чөйрөсүндө кырдаалды баалоодо новатордук курал болгон «Жаштардын бакубатчылык жана өнүктүрүү индекси» улуттук изилдөөсүнүн жыйынтыктары жана «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаарларды сертификациялоону жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун долбоору тааныштырылды.

Жаш муундун адамдык потенциалын өнүктүрүү деңгээлин баалаган жалпы көрсөткүч – Жаштардын өнүгүү Глобалдык индекси боюнча Кыргызстан 2016-жылы 188 өлкөнүн ичинен 64-орунду ээлеген. Ошол эле учурда Кыргызстанда Жаштардын өнүгүү деңгээлинин индекси жогору катары белгиленет.

Мындан тышкары Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги «2017-2020-жылдарга карата жаштарды өнүктүрүү» Өкмөттүн Программасын бекитүү жөнүндө» Өкмөттүн токтомун аткаруунун жүрүшү тууралуу маалыматты сунуштады.

Өмүрбекова өз сөзүндө бул кеңештин ишинин маанилүүлүгүн белгиледи, себеби Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча Кыргызстандын калкынын 26 пайызын 14 жаштан 28 жашка чейинки жаштар түзөт.

«Жаштар маселеси ведомстволор аралык өз ара аракеттешүүгө көп тараптуу мамилени талап кылат. Жаштар саясатын ишке ашыруунун маанилүүлүгүн эске алуу менен Өкмөттүн «2017-2020-жылдарга карата жаштарды өнүктүрүү» Программасы кабыл алынган. Жаштар биздин келечегибиз жана биз бул маселеге абдан олуттуу мамиле кылууга тийишпиз», – деди ал.

Талкуунун жүрүшүндө вице-премьер-министр жаштар арасында үй-бүлөнү пландаштыруу иштерин күчтөндүрүү зарылдыгын белгиледи жана мектептик программага бизнестин негиздери боюнча сабактарын милдеттүү түрдө киргизүү идеясын колдоду, бул мектептерде экономикалык билим берүүнү кеңейтет.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча министрликтерге жана ведомстволорго «Кыргыз Республикасынын жаштарынын бакубатчылык жана өнүктүрүү индекси» улуттук изилдөөсүнүн көрсөткүчтөрүн жакшыртуу жана айтылган сунуштар боюнча иштерди активдештирүү тапшырылды.

Мындан тышкары телеберүү жана радиодо маданият жана маданий салттар, эмгек жана билим аркылуу ийгиликке жетишкен жаштар жөнүндө тематикалык берүүлөрдүн санын көбөйтүү сунушталды.

Мамлекеттик органдарга «2017-2020-жылдарга карата жаштарды өнүктүрүү» Өкмөттүн Программасын бекитүү жөнүндө» Өкмөттүн токтомун аткарууну түздөн-түз көзөмөлдөө, жогоруда аталган токтомду аткаруу тууралуу тиешелүү маалыматтарды өз убагында берип туруу тапшырылды.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!