Тоноого шектелген милиция кызматкерлери кармалды

Тоноого шектелген милиция кызматкерлери кармалды
15-Окт. 2018, Дүйшөмбү, 15:55

Тоноочулук фактысына шектелген милиция кызматкерлерин кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сѳз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 2018-жылдын 1-октябрь күнү саат 19:15 чамасында, Ош шаарынын Кара-Суу кѳчѳсүндѳ жайгашкан “Мээрим” ресторандын алдында Индия Республикасынын 2000-жылы туулган жараны бара жаткан убакытта ага бейтааныш болгон азият улутундагы болжол менен жашы 25-30 чамасындагы атуулдар ѳздѳрүн “милиция кызматкерлери” деп тааныштырган эки атуул ВАЗ 2107 үлгүсүндѳгү автоунаасына олтургузуп, Ош шаарынын У. Салиева кѳчѳсүнѳ алып барышып, ал жерден Индиянын жаранынын жанындагы накталай 3000 сом акчасын тартып алышып, аны автоунаадан түшүрүп жиберишип, окуя болгон жерден белгисиз тарапка изин жашырып качып кетишкен.

Ошондой эле 11-октябрь күнү саат 21:00 чамасында Ош шаарынын “Демир Банктын” банкоматынан Индия Республикасынын 25 жаштагы жараны акча алып чыгып бара жаткан убакытта ага бейтааныш болгон “милиция кызматкерлери” деп ѳздѳрүн тааныштырган эки атуул ВАЗ 2107 үлгүсүндѳгү мамлекеттик белгиси жок автоунаа менен келип аны автоунаасына отургузуп, Ош шаарынын Тилек Баатыр кѳчѳсүнѳ алып барышып, анын жанындагы накталай 100 АКШ долларын жана 2000 сом акчасын ачык эле тартып алып автоунаадан түшүрүп жиберип окуя болгон жерден белгисиз тарапка изин жашырып качып кетишкен.

Бул арыз боюнча Ош ШИИБнын Сулайман Тоо милиция бөлүмүнүн ыкчам-тергѳѳ тобу окуя болгон жерлерде болушуп, тиешелүү маалыматтарды топтошкон. Иликтѳѳ, издѳѳ иштеринин натыйжасында, жабырлануучулардын кѳрсѳтмѳсүнѳ дагы таянуу менен, шектүү катары Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кайгуул кызмат батальонунун 25 жаштагы эки кызматкери тоноого шектүү катары кармалышты.
Азыркы учурда аталган факт боюнча топтолгон маалыматтар толук жана ар тараптуу юридикалык баа беруу максатында Ош шаардык прокуратурасына менен жиберилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!