Отунбаева: "Момбеков эл арасынан кайнап чыккан революционер" (видео)

Отунбаева:
16-Окт. 2018, Шейшемби, 13:57

Экс-президент Роза Отунбаева Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековду 50 жаш курагы менен куттуктады.

Анын айтымына караганда, Кыргызстандагы демократиянын орношуна Момбековдун салымы зор. Аны менен 2010-жылга чейин баррикаданын бир тарабында жүрүшкөн. Ал эл арасынан кайнап чыккан революционер.

"Жогорку Кеңеште Ырыскелди Момбековдун сүйлөп жатканын элдин бары күтүп турат.Эмне деп айтат экен, кандай баа берет экен деп. Менин эсимде бар, 2010-жылы Таластагы окуядг аябай активдүү катышып, ал жерде жүрдү. Кийин биз аны Маданият министри кылдык өткөл заманда. Ырыскелди уюштуруу жөндөмдүүлүгү жана анын көрөгөчтүгү, билермандыгы мына ошол жылдары абдан көрүнүп турду. Кийин депутат болуп, өзүн саясатчы катары көрсөттү. Ансыз Кыргызстанда саясатты элестетүүгө болбойт. Момбековдун Кыргызстандын демократиясына, Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошууга потенциалы бар деп терең ишенем",- дейт Отунбаева.


Айта кетсек, Рыскелди Момбеков 1968-жылы 13-октябрда Талас облусунун Киров районунун Шекер айылында туулган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!