101 депутат Айдарбековду ТИМге жетекчи болушун бир добуштан колдоду

101 депутат Айдарбековду ТИМге жетекчи болушун бир добуштан колдоду
17-Окт. 2018, Шаршемби, 15:08

Бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңеш Тышкы иштер министри кызматына сунушталып жаткан Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин жактырды.

Добуш берүүгө катышкан 101 депутаттын баары тең Айдарбековду колдоп, "каршы" добуш бергендер болгон жок. Анын жыйынтыгында Чыӊгыз Айдарбековдун талапкерлиги тышкы иштер министри кызмат ордуна дайындоого жактырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.

Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Чыӊгыз Айдарбековду эл өкүлдөрүнүн ишенимине ээ болушу менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.

Ал эми буга чейин өкмөт башчы Мухаммедкылай Абылгазиев эмне себептен Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин тандаганынын себебин түшүндүрүп, анын тажрыйбасы чоң экенин жана анын кылган эмгегинин арты менен Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы мамиле жакшырып бара жатканын белгилеген. Ошондой эле жаштыгына карабай элчилердин арасында аброю бар экенин айткан болчу.

Айта кетсек, Чыңгыз Айдарбеков 1977-жылы Бишкек шаарында туулган.

Жогорку билимдүү. 1998-жылы Кыргызстандын эл аралык университетин аяктап, “эл аралык байланыштар” боюнча адистигине ээ болгон. 2001-жылы – ошол эле университеттин “юриспруденция” боюнча магистратурасын бүтүрүп, магистратура деңгээли ыйгарылган.

Эмгек иш-аракетин 1998-жылы Тышкы иштер министрлигиндеги КМШ Башкы башкармалыгында атташе кызмат ордунда баштаган.

2001-2003-жылдары – КРнын ТИМинин КМШ Башкы башкармалыгынын үчүнчү, экинчи катчысы болуп кызмат өтөгөн;

2003-2005-жылдары – Кыргызстандын ТИМинин КМШ Башкармалыгында биринчи катчы;

2005-2008-жылдары – Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинде биринчи катчы (кеӊешчисинин бирдигинде). Кыргызстандын Өзбекстандагы иштери боюнча убактылуу ишенимдүү өкүлү;

2008-жылы – Кыргызстандын ТИМинин КМШ Департаментинин көп тараптуу кызматташтык боюнча бөлүмүнүн жетекчиси;

2008-2010-жылдары – Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчилигинин кеӊешчиси;

2011-жылы – Кыргызстандын президенттик аппаратынын тышкы байланыштар жана протокол бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары;

2012-2016-жылдары – Жогорку Кеңештин аппаратынын эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмүнүн жетекчиси;

2016-жылдын апрелинен тартып Кыргызстандын Япониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси;

Сыйлыктары

2014-жылдын 29-декабрында КРнын президентинин жарлыгы менен “Мамлекеттик кызматынын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси” класстык чини ыйгарылган.

2017-жылдын 24-октябрында КРнын президентинин жарлыгы менен “Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу кичи элчиси” дипломатиялык рангы берилген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!