ИИМ: Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды

ИИМ: Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды
17-Окт. 2018, Шаршемби, 16:06

Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн 1980-жылы туулган КМШ өлкөлөрүнүн биринин жараны, эл аралык террористтик уюмунун мучөсү болгон жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Алынган маалыматтарга таянсак, эл аралык террористтик уюмунун мүчөсү болгон бул жаран, диверсиялык-аскердик даярдыктан өтүп, Сириядагы аскердик кыймылга катышкан. Кармалган жаран Кыргыз Республикасынын аймагында жалдоо иштерин жүргүзүү менен алектенген. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан кармалган жаранга 2 айга камака алуу чечими кабыл алынып, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесине камалган. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын аймагында бул жаранга жакындыгы бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!