​Балдарды мыйзамсыз жумушка тартуу текшерилди

14-Апр. 2017, Жума

Экологиялык техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын Нарын региондук башкармалыгы жашы жете элек өспүрүмдөрдүн мыйзамсыз оор жумуштарга салуу боюнча текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө Нарын шаарындагы жайгашкан ашкана, базар жана соода түйүндөрү көзөмөлгө алынды.

“Текшерүү учурунда “Адек” кафесинде бир нече өспүрүмдөр мыйзамсыз иштеп жаткандыгы аныкталды. Буга карата аталган жайдын жетекчилигине айып пул салынды. Ошондой эле жашы жете элек өспүрүмдөрдү оор жумушка тартуу мыйзамсыз экендигин түшүндүрүү иштерин жургүзүштү. Ошондой эле мектеп жашындагы өспүрүмдөрдү ар кандай оор жумуштарга тартуу боюнча Мамэкотехинспекция республикалык денгээлде текшерүү жүргүзүүдө”,-деп айтылат маалыматта.

Текшерүүнүн натыйжасында жаш балдарды ар кандай оор жумушка тартуу жолдору тыйылбай келет. Андыктан инспекторлор тарабынан балдардын укугун коргоо багытында коомдук жайларда түшүндүрүү иштерин жургүзүүдө.

Эскерте кетсек, өспүрүмдөрдү оор жумушка тартуу жана эмгегин пайдалануу мыйзамсыз болуп эсептелинет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!