Кыргыз кайрыктары Астанада жаңырды

17-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Үстүбүздөгү жылы Казакстанда бүткүл дүйнөлүк «ЭКСПО-2017» көргөзмөсү өтөт. Анын алкагында Астана шаарында үч күнгө созулган ХVIII шаардык “Казакстан-жалпыбыздын үйүбүз” деген аталышта ар улуттук башын бириктирген фестиваль болду.

Иш-чарага “Кыргызстан-Астана” этномаданият бирикмесинин эмгек жамааты дагы катышып, “Манас ааламы” музыкалык-хореографиялык композициясы көрсөтүлүп, кыргызстандык “Кут билим” мектебинин окуучулары көрүүчүлөргө өз өнөрлөрүн тартуулашып кыргыз бийи, ырлары жаңырып, манас айтылды.

Казакстан өлкөдө жашаган дүйнө жүзүндөгү ар улуттагы элдин эне тилине, өз маданиятын карата сүйүү жана урматтоодо ар кандай түрдүү иш-чараларды уюштуруп, мүмкүнчүлүк түзүп келет.

Фестивалдын бардык катышуучуларына, “Кыргызстан-Астана” коомдук бирикмесине Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги тарабынан ыраазычылык кат тапшырылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!